Президент Сооронбай Жээнбеков менен Утурумдук өкмөттүн мүчөлөрүнүн жолугушуусунда Азимбек Бекназаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарууну сунуштаган. Бул тууралуу Бекназаров кечээ, 7-октябрда маалымат жыйында билдирди.
Утурумдук өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев президент менен жолугушууда Бекназаров жогорудагыдай сунуш айтканын SUPER.KG порталына тастыктады.
"Бекназаров президентке Атамбаевди үй камагына чыгаруу боюнча сунушун айткан. Бирок биз бул сунушту колдогон жокпуз. Мыйзамдын алдында башкалар кандай жооп берип жатса, Атамбаев дагы ошондой жооп бериши керек. Мыйзамдын астында баары бирдей болушу шарт. Президент дагы бардык иш мыйзамдын чегинде болушу керектигин билдирген", - дейт Кеңешбек Дүйшөбаев.