Ишкер Алтынбек Абдыкеримов: "Кыргыз өлкөсүнүн ЕАЭБде болгонуна карабай, Орусия жана Казакстан жыл сайын жаңылыктарды киргизип, ишкерлерге көйгөй жаратууда"

Айыл чарба өлкө экономикасы үчүн маанилүү секторлорунун бири. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда болгон маалымат жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директору Ильич Марсбек уулу билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсү бир жуманын ичинде 4 миң тонна жер-жемиш экспорттоду. Бул өлкөнүн валюталык кирешесинин негизги булактарынын бири деген оюн айтты:

"30-сентябрдан 4-октябрга чейин 10 миң тоннадан ашуун Кыргыз өлкөсүнүн азыктары экспорттолгон. Кыргыз өлкөсүнүн продукциялары Казакстан, Орусиянын көзөмөл пункттарынан өтө албай, кайтарылууда деген сөздөр айтылууда. Коңшу мамлекеттердин көзөмөл пункттарынан 100 миңден ашуун продукция өтөт. Анын ичинен 2 миңге жакыны кайтарылышы мүмкүн. Көбүнесе фитосанитардык талаптарга жооп бербегендиктен эмес, документтери туура болбой кирбей калат. Орусия жана Казакстанга экспорттолгон товарларды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 1317,7 тонна жашылча, 2338,6 тонна жер-жемиш текшерилген. Андан тышкары, Орусия, Казакстан, Түркияга 1615,5 тонна кургатылган жер-жемиш экспорттолгон, 828 тонна жаңак Орусия менен Түркияга жөнөтүлсө, 2894,7 тонна төө буурчак Түркия, Болгария, Орусия жана Нидерландыга экспорттолгон, Казакстанга 11 миң тоннадан ашуун картошка, 246,7 тонна пахта Беларусь, Орусия жана Түркияга экспорттолду. Текшерүүнүн жыйынтыгында бузуулар табылган эмес. Бардык товарлар көрсөтүлгөн дарекке жеткирилип, бир да жүк артка кайтарылган жок", - деди Марсбек уулу.

SUPER.KG порталы "Департамент берген сертификаттар талапка жооп береби? Чек ара көзөмөлүнө келгенде көйгөй жаратпайбы?" деген суроону ишкерлердин атынан келген Алтынбек Абдыкеримовго узатты. Ал: “Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти берген фитосанитардык сертификаттары боюнча маселе жок. Кээ бир учурларда ишкерлер өзү докуметтерди толтурууда каталарды кетирет. Негизги көйгөй коңшу мамлекеттердин продукцияга койгон талаптарында. ЕАЭБге киргенибизге карабай, Орусия жана Казакстан жыл сайын жаңылыктарды киргизип, ишкерлерге көйгөй жаратат. Андан тышкары, алардын нарк саясаты дагы жогору. Ушул жана башка тоскоолдуктарга учураган ишкерлер көбүнчө чек ара көзөмөл пункттарынан ары кете албай калат. Бул албетте, биз үчүн дагы, өлкө үчүн да зыян", - деди ишкер.

Маалым болгондой, өлкө боюнча 15 фитосанитардык пункттары жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча 4 лаборатория бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан