КҮНСОБОЛ: "Коопсуз шаар" долбоору боюнча айдоочулардын 57 пайызы айып пулун төлөй элек. Аталган долбоордун максаты коомчулуктун коопсуздугун камсыз кылуубу же элден акча жыйнообу? Бакиров: "Долбоордун максаты - коопсуздукту камсыз кылуу"

Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жол эрежелерин бузуу боюнча айып пулдарынын өлчөмүн азайтууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Анда ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов жол эрежесин бузгандардын 43 пайызы гана айып пул төлөгөнүн айтты.

SUPER.KG порталы "Коопсуз шаар" долбоору боюнча айдоочулардын 57 пайызы айып пулун төлөй элек. Аталган долбоордун максаты коомчулуктун коопсуздугун камсыз кылуубу же элден акча жыйнообу?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров "Коопсуз шаар" долбоорунун максаты коопсуздукту камсыз кылуу экенин белгиледи.

"Долбоордун максаты коопсуздукту камсыз кылуу экенин өкмөт бир канча жолу айткан. Айып пулдар ар кандай себептерден улам чогулбай жатат. Айрымдар автоунааны ишеним кат менен айдап жүрүшөт, айып пулдун көлөмү жогору болуп жатат. Мындан улам өкмөт, парламент айып пулду төмөндөтүүгө аракет кылып жатышат. Ал эми буга чейин чегерилип калган айып пулдарды сөзсүз түрдө төлөш керек. Анткени унаасын сатканда бул маселе көтөрүлөт. 1-2 айлык акция уюштуруп, кыска убакыттын ичинде айып пулду төлөсөңөр жеңилдиктер болот дегендей механизмдерди карап көрүүнү сунуштап жатабыз", - дейт Мирлан Бакиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан