Депутат Таабалды Тиллаев: "Негизги ой коомчулуктун коопсуздугун камсыз кылуу, акча жыйноо эмес". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жол эрежелерин бузуу боюнча айып пулдарынын өлчөмүн азайтууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Анда ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов жол эрежесин бузгандардын 43 пайызы гана айып пул төлөгөнүн айтты.

SUPER.KG порталы "Коопсуз шаар" долбоору боюнча айдоочулардын 57 пайызы айып пулун төлөй элек. Аталган долбоордун максаты коомчулуктун коопсуздугун камсыз кылуубу же элден акча жыйнообу?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев "Коопсуз шаар" ишке киргенден бери жол кыймылы боюнча кырсыктар азайганын жана долбоордун максаты акча жыйноо эмес, коомдун коопсуздугун камсыз кылуу экенин айтты.

"Негизги ой коомчулуктун коопсуздугун камсыз кылуу, акча жыйноо эмес. "Коопсуз шаар" иштей баштагандан бери жол жүрүмдөрүндөгү кырсыктардын саны бир топ эсе азайды. Кылмыштуулуктун саны боюнча, тартип бузууларда дагы кыскартуулардын көрсөткүчтөрү жакшы. Айып пулдардын баасы, жогорку коюлган баалар боюнча бүгүн депутаттар тарабынан маселе каралды. Албетте, бааларды азайтуу туура эле. Жалпысынан бул долбоор элдин коопсуздугун камсыз кылуу", - деди Тиллаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан