Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Карамат Орозова билим берүү тармагына тиешелүү айрым маселелерге токтолду. Ал аймактарды өнүктүрүү жылында элет жериндеги мектептердеги билим берүүгө жакшы көңүл бөлүнбөй жатканын билдирди.
Мындан сырткары, Орозова окууну бюджеттик негизде аяктаган жаш мугалимдерди аймактарда иштөөгө мажбурлабай, аларды кызыктырышыбыз керек деген пикирин айтты.
"Бюджеттик негизде билим алган жаш мугалимдерди аймактарга барып иште деп мажбурлап жатабыз. Бирок биз аларды мажбурлабай, кызыктырышыбыз керек. Балким айлыктарына кошумча акча бөлүп, үй менен камсыз кылсак жаш мугалимдер аймактарга тартылат. Баарын борборго үйүп алуунун кереги жок", - деди Орозова.
Депутат мындан сырткары, керектүү бөлүмдөрдүн базасын кеңейтүүнү, логикалык предметтерге артыкчылык берүүнү дагы белгилеп өттү.