КҮНСОБОЛ: 9 пайыздык босого чектен өтө албай, Жогорку Кеңешке оппозициялык күчтөр келбей калса, бийликтеги тең салмактуулук бузулбайбы? Жээнбеков: "Босого чек 2-3 пайыз болсо, Жогорку Кеңеш адилеттүү жана көз карандысыз болот"

Парламенттик шайлоо жакындап жатат. Жогорку Кеңешке келүү үчүн босоголук чекти төмөндөтүү боюнча сунуштар айтылууда. Депутаттар дагы бул тууралуу мыйзам долбоорун даярдашкан. Бирок мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин палатасына жөнөтүлө элек. Көпчүлүк саясий күчтөр 9 пайыздык босоголук чектин жогору экенин айтып жатышат.

SUPER.KG порталы "9 пайыздык босого чекти калтыруу өтө опурталдуу экенин эскерткендер көп болууда. Бул чектен өтө албай, Жогорку Кеңешке оппозициялык күчтөр келбей калса, бийликтеги тең салмактуулук бузулбайбы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков билдиргендей, эгерде босоголук чек 9 пайыз менен кала турган болсо, анда бийликтин партиялары жана акчалуулар гана парламентке келет.

"Бийликке кошомат кылган саясатчылар шайлоо аркылуу парламентке келишет. Ашып кетсе 2 же 3 партиянын парламентке келүү мүмкүнчүлүгү болот. Оппозициялык, демократиялык күчтөр, бийликке көз каранды эмес саясатчылар өтпөй калышат. Дүйнөдөгү демократиялык мамлекеттердин бардыгында босоголук чек 5 пайыздан ашпайт. Грузияда чекти алып салышкан. Эгерде биз эгемендүү, адилеттүү, элдин кызыкчылыгын коргой ала турган парламентти түзөбүз десек босоголук чекти 2-3 пайыздын тегерегине түшүргөнгө аракет кылышыбыз керек. Ошондо мамлекеттеги бардык социалдык катмар, саясий күчтөр, саясий көз караштар парламентке келип чогулат. Жогорку Кеңеш адилеттүү жана көз карандысыз болот", - дейт Равшан Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан