КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов: "Босоголук чекти 2-3 пайызга төмөндөтүү керек же чекти алып салуу зарыл". КҮНСОБОЛ

Парламенттик шайлоо жакындап жатат. Жогорку Кеңешке келүү үчүн босоголук чекти төмөндөтүү боюнча сунуштар айтылууда. Депутаттар дагы бул тууралуу мыйзам долбоорун даярдашкан. Бирок мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин палатасына жөнөтүлө элек. Көпчүлүк саясий күчтөр 9 пайыздык босоголук чектин жогору экенин айтып жатышат.

SUPER.KG порталы "9 пайыздык босого чекти калтыруу өтө опурталдуу экенин эскерткендер көп болууда. Бул чектен өтө албай, Жогорку Кеңешке оппозициялык күчтөр келбей калса, бийликтеги тең салмактуулук бузулбайбы?" деген собол салды.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов бул боюнча маселени буга чейин дагы көтөрүп келишкенин айтты. "Биз башынан бери бул маселени айтып, парламентке олигархтардын гана өтө турган мүмкүнчүлүгү бар деп билдирип келгенбиз. Бирок үнүбүз жеткен жок. Коомдун башка катмарларынын өкүлдөрүнүн Жогорку Кеңешке келишине кыйын болот. Босоголук чекти 2-3 пайызга же таптакыр алып коюу керек. Ачык тизмени киргизүү зарыл. Шайлоо участкаларына келген адам партиянын абстракттуу аталышына эмес, конкреттүү адам үчүн добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек деп эксперттер айтып келишкен. Алардын үнү да угулган жок. Анткени бул мыйзамды кабыл алгандар баягы эле эски Жогорку Кеңеш да. Жогорку Кеңеш азыркы учурда көбүнесе олигархтардан түзүлгөндүктөн, алар бул системди өзүнүн гана кызыкчылыгына багыттап жатат. Ошондуктан келерки шайлоодо көп болсо 2 же 3 партия Жогорку Кеңешке өтөт. Парламент олигархтардан түзүлгөндүктөн алар сөзсүз түрдө бийликке көз каранды болот. Бул стабилдүүлүккө алып келбейт", - дейт Турдукулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан