БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова: "Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандары шайлоо укугун ыңгайлуу, татаалдаштырылбаган тартип менен ишке ашырууга шарт түзүлүшү керек". КҮНСОБОЛ

Саясатчы Адахан Мадумаров кайрылуу жасап, чет өлкөдөгү Кыргыз жарандары конституциялык укугунан пайдаланбай жатканын айтты. Ал башка мамлекетте жүргөн Кыргыз жарандары шайлоолордо добуш бербей калып жатат деген пикирин айтты. Мындан улам ал “Укугум бар” деген кыймылды түздү.

SUPER.KG порталы "Мадумаров шайлоого катыша албай жаткан Кыргыз мигранттарынын маселеси боюнча "Укугум бар" деген аталышта кыймыл түзүп, коомчулукту колдоого алууга чакырды. Учурда бийлик тарабынан Кыргыз жарандарынын конституциялык укугу, башкача айтканда, шайлоого катышуу укугу камсыздалып жатабы?" деген собол салды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо мамлекеттен сырткары жүргөн Кыргыз жарандарынын 18580 гана шайлоочулар тизмесине киргизилгенин эске салды. "Алардын 5225 гана шайлоочу келип, добуш берген. Бул көрсөткүчтөрдү биздин мамлекеттик миграция кызматынын маалыматы менен салыштырсак мисалы, 2018-жылы гана алардын расмий маалыматы боюнча 640000 Кыргыз жараны Орусияда миграциялык каттоодон өткөн. Бул эң ири болсо да, бирок бир чет мамлекеттеги кыргыздардын расмий саны. Алардан сырткары, расмий каттоосу жок канча мекендештерибиз сыртта жүрөт?

2017-жылы мен Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү катары, сырт жакта жүргөн жарандардан консулдук каттоосун талап кылбай, аларды "туруктуу" же "убактылуу" консулдук каттоодон өткүлө деп жүдөтпөй, добуш берүү укугун ашырууга шарттарды жөнөкөйлөтөлү деп сунуш кылгам. Ал үчүн сыртта жүргөн Кыргыз жараны "шайлоо дарегин" тандоо боюнча же бардыгыбызга белгилүү болгон "форма 2" арызын биздин дипломатиялык өкүлчүлүккө же консулдук мекемеге жазып, шайлоочулардын тизмесине киргизилиши керек дегем. Башка эч кандай каттоону талап кылбай. Бирок добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмаланып калышы мүмкүн деп аталган комиссиянын төрайымы жана калган мүчөлөрү бул сунушумду колдобой коюшкан. Быйыл жайында президенттин алдында түзүлгөн жумушчу топ, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизип, кайрадан эле "убактылуу" же "туруктуу" консулдук каттоодо тургандар гана добуш бере алат деп БШКнын көпчүлүк мүчөлөрүнүн пикирин эми мыйзамдаштырып коюшту.

Быйыл мыйзамга кирген жакшы өзгөртүүлөр бар. Бул чет мамлекетте түзүлгөн шайлоо тилкелеринин санын көбөйтүү боюнча жакшы өзгөртүү. Бирок иш жүзүнө келгенде, БШК менен Тышкы иштер министрлиги расмий консулдук каттоодо турган жарандардын санына карап иш кылышат дагы, ал эми Миграция кызматы, Бажы кызматы, Чек ара кызматындагы чет өлкөгө чыгып кеткен Кыргыз жарандарынын саны эске алынбай калат.
Менин пикирим, азыр шайлоочуларды идентификация кылуу шайлоодо жакшы жетишкендиктерге алып келди. Ошондуктан, мурунку шайлоодо болгон добуш берүүдөгү бурмалоолордон коркпой, чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жараны кайда болбосун шайлоо укугун ыңгайлуу, татаалдаштырылбаган тартип менен ишке ашырууга шарт түзүлүшү керек. Бийлик өзүнүн жарандарына ишенбесе, Кыргыз жарандары кантип бийликке ишенет?", - дейт Абдрахматова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан