БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов: "Чет мамлекетте жүргөн Кыргыз жарандары шайлоого катышуу укугун камсыз кылам десе эч ким тыюу салбайт". КҮНСОБОЛ

Саясатчы Адахан Мадумаров кайрылуу жасап, чет өлкөдөгү Кыргыз жарандары конституциялык укугунан пайдаланбай жатканын айтты. Ал башка мамлекетте жүргөн Кыргыз жарандары шайлоолордо добуш бербей калып жатат деген пикирин айтты. Мындан улам ал “Укугум бар” деген кыймылды түздү.

SUPER.KG порталы "Мадумаров шайлоого катыша албай жаткан Кыргыз мигранттарынын маселеси боюнча "Укугум бар" деген аталышта кыймыл түзүп, коомчулукту колдоого алууга чакырды. Учурда бийлик тарабынан Кыргыз жарандарынын конституциялык укугу, башкача айтканда, шайлоого катышуу укугу камсыздалып жатабы?" деген собол салды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов чет мамлекетте жүргөн Кыргыз жарандары конституциялык укугун камсыз кылам десе эч ким тыюу салбайт деген пикирде.

"Алар шайлоо тизмесине кириши керек. Миллиондон ашык жарандар чет мамлекетте жүрөт деп айтылат, бирок шайлоого катышуу үчүн тизмеге келип жазылганы 18 миң жарым эле жаран болду. Алардын дагы 5 миңге жетпегени шайлоого катышты. Чет мамлекетте жүргөн жарандар саясий окуяларга анчалык кызыкдар эмес экенин көрсөтөт. Чет мамлекеттерде шайлоо тилкелеринин санын көбөйтүү боюнча мыйзам кабыл алынып, эми көрсөткүч жогорулайт", - дейт Бекматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан