Депутат Рыскелди Момбеков: "Чет жактагы шайлоочуларга шарт түзүп бере алган жокпуз". КҮНСОБОЛ

Саясатчы Адахан Мадумаров кайрылуу жасап, чет өлкөдөгү Кыргыз жарандары конституциялык укугунан пайдаланбай жатканын айтты. Ал башка мамлекетте жүргөн Кыргыз жарандары шайлоолордо добуш бербей калып жатат деген пикирин билдирди. Мындан улам ал “Укугум бар” деген кыймылды түздү.

SUPER.KG порталы "Мадумаров шайлоого катыша албай жаткан Кыргыз мигранттарынын маселеси боюнча "Укугум бар" деген аталышта кыймыл түзүп, коомчулукту колдоого алууга чакырды. Учурда бийлик тарабынан Кыргыз жарандарынын конституциялык укугу, башкача айтканда, шайлоого катышуу укугу камсыздалып жатабы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков азыркы шайлоо кодекси боюнча адамдардын шайлоо жана шайлануу укуктарына Баш мыйзамдын негизинде тоскоолдуктар бар экенин айтты.

"Азыр шайлоо кодекси боюнча адамдардын шайлоо жана шайлануу укуктарына Баш мыйзамдын негизинде тоскоолдуктар бар. Мыйзамда бардык жарандар шайлоого жана шайланууга укуктуу деп жазылганы менен партиялар шайланып жатат. Тилекке каршы, эл тандаган адамдар эмес, партиялар тандаган, партия лидери камдаган гана талапкерлер өтө турган мыйзам кабыл алынды. Ошон үчүн азыркы шайлоо кодекси менен шайлоого баруу өтө опурталдуу.

Бардык адамдардын шайлоого, шайланууга мүмкүнчүлүктөрүн чектеп коюшкан. Мындан улам шайлоочулардын укугу толук камсыз болгон деп айтуу кыйын. Мисалы, Кыргыз өлкөсүнүн башка өлкөлөрдө жашаган жарандары шайлоого толук укугу бар. Бирок алар ошол өлкөдө шайлоо участкалары жок болгон үчүн шайлоого катыша албай калып жатышат. Кеп алардын шайлоого барып, барбаганында же катышып, катышпаганында эмес, кеп аларга шарт түзүлбөгөнүндө болуп жатат. Чынында ал жарандарга биз шарт түзүп бере алган жокпуз. Андыктан мен Мадумаровду туура эле маселе көтөрүп жатат деп эсептейм", - деди Момбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан