Бишкекте автобустун эшигине кыпчылып калып каза болгон окуучунун атасы тосмо арыз жазды

Бишкекте автобустун эшигине кыпчылып калып каза болгон окуучунун атасы тосмо арыз жазды. Бул тууралуу каза болгон баланын атасы SUPER.KG порталына билдирди.

Кырсык 3-октябрда саат 15:30-16:00 чамасында орун алган. Анда Күн-Туу айылынан келе жаткан №18 багытындагы автобус аялдамадан жүргүнчүлөрдү түшүргөн. Бирок айдоочу арткы эшиктен 5-класстын окуучусу түшүп жатканын байкабай калган. Алдын ала маалыматтар боюнча, окуучунун бир буту эшикке кыпчылып калган. Айдоочу аны байкабай автобусту айдап кеткен. Автобус окуучуну бир канча метр жерге чейин сүйрөгөн. Бала алган жаракатынан улам жеринен каза болгон. Ал эми Бишкек шаардык мэриясы окуучу автобустун алдыңкы эшигинен чыккан болушу мүмкүн деген билдирүү жасаган.
Окуучунун сөөгү 4-октябрда Бишкектеги жаңы конуштардын биринде жерге берилген. Маркум үй-бүлөдө 5 бир туугандын ортончусу болгон.

Ал эми автобустун айдоочусу учурда СИЗО-1де камакта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shabi
2019-10-11 21:32:12
Оба туура эле,Эми бул кырсык да,кырсык каш кабактын ортосунда дейт.Атайлап эле болгон жок да,кокустук болду.Баласын жоготкон ата энеге сабыр тилейбиз
+21
elb_2121
2019-10-11 23:18:07
Аллахым ыраазы болсун
+3
Jacob.
2019-10-12 11:33:30
Эң оор нерсе бул, ата-энесине сабыр. Тосмо кат жазып берүү баарынын колунан келебербейт..
+6
munduz2016
2019-10-12 15:55:25
Аллах сабыр берсин жакындарына.
Жазмыштан кача албайсын,ыймандуу кишилер экен ата-энеси.
+1
Kuyoo_bala
2019-10-12 23:29:27
Балага жалко(((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан