Автобустун эшигине кыпчылып калып каза болгон окуучунун жакындары: "Биз бөбөгүбүздү эртең менен окууга жөнөтүп кечинде көрбөй калдык"

3-октябрда Бишкекте автобустун эшигине кыпчылып калып 5-класстын окуучусу каза болду. Окуучунун сөөгү бүгүн, 4-октябрда Бишкектеги жаңы конуштардын биринде жерге берилди. Маркум үй-бүлөдө 5 бир туугандын ортончусу болгон.

Адил Жолдошбек уулу каза болгон окуучунун бир тууган агасы. Ал ошол күнү бир тууганы менен орто жолго чейин бир маршруттук таксиде барып, андан ары ал мектепке кеткен дейт.

"Иним ак көңүл, маалыматты бат кабыл алган башкача бала болчу. Биз окуя болгон күнү эртең менен саат 06:30да жолго чыгып, №4 шаардык ооруканага чейин бир маршруттук таксиде барганбыз. Андан ары ага акча бердим дагы ал мектепке кеткен болчу. Ошол биздин акыркы жолу көрүшкөнүбүз болуптур. Үй-бүлөдө 5 бир тууганбыз. Иним ортончусу болчу. Ал үйгө кээде автобус менен кээде маршруттук такси менен келе берчү. Мен мындай окуяны эч кимге каалабайм. Себеби айдоочулардын коопсуздук эрежелерин сактабагандыктары аябай өкүндүрөт. Мен ошол күнкү окуяны ойлогум да эстегим да келбейт", - деди ал.

Ал эми окуучунун атасынын карындашы Салтанат бул окуя шалаакылыктан улам болду деп эсептейт.

"Биз бөбөгүбүздү жоготтук, эми биз эч качан аны көрбөйбүз. Бул деген шалаакылык да. Кандайча баланын кийиминин боосу эшикке илинип калат дагы, кантип дөңгөлөктүн астына айланып кетет? Мындай окуялар чындап келгенде күндө эле болуп жатат да. Ага тийиштүү тарап көңүл деле бөлбөйт. Азыр бул окуя боюнча ар кандай версиялар айтылып жатат. Болгону биз эртең менен аны мектепке узатып, кечинде көрбөй калдык. Иним сүрөт тартканга кызыкчу. Анын кызыгуусун деле жеңем бир аз убакыт мурун байкап, атайын ийримге берип жаткан экен. Ошондой эле сабакты да жакшы окучу", - деди маркумдун атасынын карындашы.

Бул үй-бүлөнүн көп жылдан берки кошунасы Таалайкүл Мамбетова ата-энеси окуучу 3 жашында ушул жаңы конушка көчүп келип, кызым менен чогуу ойноп, бирге өсүшкөн деп эскерет.

"Аябай элпек бала болчу. Кызым менен чогуу ойноп жүрүп чоңойду. Коңшубуз балдарым билим алсын деп шаардан окутуп жаткан. Былтыр балдарын бала бакчага, мектепке өзүнүн унаасы менен ташычу. Быйыл унаа жок, анын үстүнө балам чоңоюп калды. Өзү барып келгенге жарап калды деп маршурттук такси менен жөнөтүп жаткан. Кайдан билишти ушундай кырсык болуп кетерин. Өткөн жума эле үйгө келип ойноп кеткен. Кечээ кошунабыздын үйүнө кишилер келип жатса, конок келип жатабы деп ойлогонбуз. Көрсө кырсык болуп үй-бүлө уулунан ажыраган тура", - деди ал.

Учурда №18 багытындагы автобустун айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, жол коопсуздугунун эрежесин бузуу беренеси менен иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынганын Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Автобустун айдоочусунун кесиптеши бул окуя кокустан болду деп эсептейт.

"Бул кокустук. Окуучунун кийиминин боосу илинип калган. Кесиптешибиз автобустар ишке киргенден бери иштеп келе жатат. Ошондо 11 жыл болду. Ал №18-автобустун бригадири болчу. Ал үй-бүлөлүү, ишине так, келечекте өсө турган бала эле", - деди ал.

SUPER.KG порталы бул окуя боюнча айдоочу тараптын дагы пикирин угуп, жарыялоого даяр.

Автобустун эшигине кыпчылып каза болгон окуучу жерге берилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
isarti
2019-10-04 18:12:02
Атайын жасаган жок дечи. Бирок, шалаакылык да, эшикти карабай жапкан. Болбосо кантип эле 12 жашар бала кузгудон корунбой калат.
+6
datkaaiym
2019-10-04 18:30:42
Мени да корбой калдым деп маршрут куруман суйроп кеткен.боюмда бар болчу.аялдамага отургузуп кетип калган.тонум жарылып,суу кетип 7айга жетпей тороп чарчап калган.маршрутту таап машинасын камагандан кийин келди.тосмо арыз жаздым.бир сом албадым.ошо боюнча жок.кийинки дарыланганынызды толоп берём деп койуп жок
+4
Anarik87
2019-10-04 18:40:23
Кытайдан автобустар келип жатат ошолордон атайын балдарды мектепке ташыйтурган автобус же машурт болуп берсе окмот ,бул нерсе билбеймин кыялдагана болотго чондор жеп ичкенден башка билбей калды кантип Кыргызстан онугот атин деп тил тиштегенден башка арга жок,шаарда байкуш балдар машуртук такси кутот машурт айдаган байкелерде озунчо эле кагып силкийт балдарды
+7
karona12
2019-10-04 19:46:43
Жашырганда не водительдер окуучуларды коройун деген козу жок,токтосо токтоп токтогусу келбесе токтобой кетишет.Себеби окуучулар аз толойт.
+10
muras111211
2019-10-05 22:25:24
karona12,э эмнеге аз төлөйт сизди билбейм кайсы шаардасыз,биз Бишкекте окуучуга да чоң кишиге да бирдей жол акы төлөйбүз.
0
Dinara-93
2019-10-04 21:23:39
18 автобузга эл жаман коп чыгат кузгусунон бери тосуп алышат, анан кантип корот айдоочу?? Еки тарапта тен куноо бар.
+1
urmat94
2019-10-05 02:30:05
Dinara-93,элдерди жылдырыш керек кузгу коруно турган кылып эл коп деп эле карабай айдай бериш керекпи балада эч кандай куноо жок башыны иштетсен кичине балада кандай куноо бар???
+1
Absamat-90
2019-10-04 21:31:40
Ошол горбольницанын астында түшүнүксүз жүрөт автобус маршрутка, эл аябай көп качан караба автобустун эшиги араң жабылат. Биздин чоң кишилер алгач балдарды чыгарбай жанталашып аларды түртүп өздөрү биринчи чыгат.
+3
JaneEr
2019-10-04 23:17:57
Бизде коомдук транспортто балдарды адам ордуна корбойт.Мен 3 жашар кызым менен чыксам Россияда место бошотуп берет.Кичине балдар отуруп кетет эч ким тур дебейт,биякта балдарды чондор маршрутта тебелеп кетет.Зебрада да шоферлер жашыл жанса да кете берет откорбой.Тупизм.
+4
Kuyoo_bala
2019-10-06 18:20:07
JaneEr,эл жаман,манкурт,доопорос,маданияты жок,акча учун олуп берет,уят.Ошон учун олкобуз онукпой келет,адамдардан ынсап кеткен.Жакшылары аз,жаманы коп.Ошон учун олум,авария коп.
0
urmat94
2019-10-05 02:32:23
Жаш балдарды нагло албай кетишет кол которсо а чон адамдар тоссо любой жерге токтошот бечара балдар колун которгон боюнча калып калат
+4
Taalaibek.
2019-10-05 07:33:28
Мен дагы кубо болдум, шаарга барып маршруттук таксилерге туштум эле, тим эле ото катуу айдашат экен. Айдаганда кармайт турган жерди тез кармап калбасан бутту кулап кетет экенсин. Айланайын элди мал ташыгандай айдайт экен дейсин. Буларга ким чара корот, билбейт экем?
+2
Tyty1990
2019-10-05 10:00:50
Сабыр кылыңыздар, кокустук болдубу айтор эки тарапка тең кыйын учур болуп турат.
0
taalay25
2019-10-05 14:01:23
Кокустук эмес шалакылык!
0
Avrora2017
2019-10-05 14:19:17
Туура шалаакылык актап жактабай эле койгула кокустука шылтап почти кундо киши олтуруп атышат ушундай козун карабаган копкон айдоочулар адырандатып айдашып машинелерин , жакшылап жазасын бергиле башка козун туман баскан айдоочуларга сабак болсун , посреднее время обнаглели то машинадан кубалап чыгат то моминтип коз алдында турган адамды тебелеп кетишет, кокустук кырсык дегенди коюп кичине внимательныйраак болгула делдендебей
0
Tiken
2019-10-06 21:37:23
18-автобус менен 161-маршрут бирине-бири атаандашып жулундашып айдашат, эл талашып. Коздоруно булардын жол-эрежеси корунбой эле жалан гана турган элдер акча болуп корунот. Мен бул каттамды билем,элди пресс кылып алып кетет,устуно да салгысы келет айлалары эле жок. Ош базардан Ак-Ордо 3 ко баргыча автобус баняга айланат ысык мезгилди айтбай эле коеюн. Водитель туздон -туз куноолуу,жаш баланын олумуно.
0
mirbek2211
2019-10-07 03:05:25
Шаарыбызда баш аламандык качан жоюлат , мэрия иштеш керек биринчи, анан ар бир адам озубуз аракет кылсак , маршрут айдагандар эми соз жок аларга жарышка тушкондой айдашат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан