КҮНСОБОЛ: Путин КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынок түзүүнү сунуштады. Европалык союздун үлгүсү постсоветтик өлкөлөрдө ишке ашуусу реалдуубу? Акылбек Жапаров: "Сунуштун ишке ашуусу реалдуу"

11-октябрда Ашхабад шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Орусиянын президенти Владимир Путин өз сөзүндө КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынок түзүүнү ойлонуу керектигин айтты. Бирдиктүү финансылык рынок түзүлө турган жагдайда жарандар жана компаниялар үчүн финансылык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү жана сапаты жогорулайт, финансылык тармактын эффективдүүлүгү өсүп, атаандаштык да өнүгөт.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Путин КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынок түзүүнү сунуштады. Европалык союздун үлгүсү постсоветтик өлкөлөрдө ишке ашуусу реалдуубу?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров реалдуу сунуш экенин айтты. "Абдан реалдуу сунуш. Бирдиктүү экономикалык аймак түзүп жаткандан кийин бирдиктүү финансылык рынок болушу толук ыктымал. Бул жерде ар бир өлкөнүн саясий гана амбициялары болбосо, экономикалык жактан биригип бири-бирибиз менен соода кылып жатканда өзүнчө бир валюта киргизсек болот. Бардык өлкөлөр рублдын базасында жасайлы дегенге каршы болсо керек. Евронун моделинде валюта ойлоп чыксак болот. Алтын деген сөздү киргизсек туура. Анткени орустарга, бизге да түшүнүктүү сөз", - дейт Акылбек Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан