Депутат Дастан Бекешев: "Кыргыз өлкөсү КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынокко кирүүсүнө али эрте". КҮНСОБОЛ

11-октябрда Ашхабад шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Орусиянын президенти Владимир Путин өз сөзүндө КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынок түзүүнү ойлонуу керектигин айтты. Бирдиктүү финансылык рынок түзүлө турган жагдайда жарандар жана компаниялар үчүн финансылык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү жана сапаты жогорулайт, финансылык тармактын эффективдүүлүгү өсүп, атаандаштык да өнүгөт.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Путин КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынок түзүүнү сунуштады. Европалык союздун үлгүсү постсоветтик өлкөлөрдө ишке ашуусу реалдуубу?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Кыргыз өлкөсү КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынокко кирүүсүнө али эрте деп эсептейт.

"Бирдиктүү рынокту түзөбүз деген ой мурун эле болгон. Ал гана эмес келечекте бир эле акча бирдигине өтөбүз, бул Европа өлкөлөрүндө боло турган нерсе экенин айтышкан. Бирок чындыгында, азырынча бул боюнча бир нерсе айтуу кыйын. Анткени Кыргыз өлкөсү бул нерсеге учурда даяр эмес. Ачыгын айтканда, азыр КМШ өлкөлөрүн Орусия, Казакстан кармап турат. Келечекте башка президент болуп калса, мүмкүн Орусияда ой башка болуп калышы мүмкүн. Алар союз керек эмес десе, балким, бирдиктүү союз жок болуп калышы мүмкүн", - деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан