Депутат Зиядин Жамалдинов: "Менин оюмча КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынокту түзүүнүн кереги деле жок". КҮНСОБОЛ

11-октябрда Ашхабад шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Орусиянын президенти Владимир Путин өз сөзүндө КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынок түзүүнү ойлонуу керектигин айтты. Бирдиктүү финансылык рынок түзүлө турган жагдайда жарандар жана компаниялар үчүн финансылык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү жана сапаты жогорулайт, финансылык тармактын эффективдүүлүгү өсүп, атаандаштык да өнүгөт.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Путин КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынок түзүүнү сунуштады. Европалык союздун үлгүсү постсоветтик өлкөлөрдө ишке ашуусу реалдуубу?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынок түзүү сунушунун ишке ашышы кыйын деген пикирде. "КМШ өлкөлөрүнүн бардыгы ЕАЭБге толук кирген жок да. Мындан улам аталган сунуштун ишке ашышы оор. Менин оюмча, бирдиктүү финансылык рынокту түзүүнүн кереги деле жок. ЕАЭБге кирдик, ал деле жакшы ишке ашпай жатат. Бирдиктүү финансылык рынокту түзүү маселеси деле ошондой болуп калат", - дейт Жамалдинов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан