Депутат Исхак Масалиев: "Путиндин талабындагыдай КМШга бирдиктүү финансылык рынок түзүлсө жаман болмок эмес". КҮНСОБОЛ

11-октябрда Ашхабад шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Орусиянын президенти Владимир Путин өз сөзүндө КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынок түзүүнү ойлонуу керектигин айтты. Бирдиктүү финансылык рынок түзүлө турган жагдайда жарандар жана компаниялар үчүн финансылык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү жана сапаты жогорулайт, финансылык тармактын эффективдүүлүгү өсүп, атаандаштык да өнүгөт.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Путин КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынок түзүүнү сунуштады. Европалык союздун үлгүсү постсоветтик өлкөлөрдө ишке ашуусу реалдуубу?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев КМШ өлкөлөрүнүн арасында бирдиктүү финансылык рынок түзүлүүсүнө каршы эмес. Бирок эл өкүлү биринчи кезекте мамлекетке пайда бере турган кызыкчылык болуш керек экенин айтты.

"Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги СССР тарагандан кийин түзүлгөн. Кагаз жүзүндө парламенттик кызматташуу, мамлекеттердин ортолорунда кызматташуу бар. Эгерде Путиндин талабындагыдай финансылык рынок түзүлсө жаман болмок эмес. Бул деле кызматташуунун бир түрү же багыттарына кирет. Ошондуктан бул сыяктуу аракеттер жасала бериши керек. Эгер мүмкүнчүлүк болсо аны аткарып көрүш керек. Бирок аны аткаруу дагы бир топ түйшүктү талап кылат, оңой иш эмес. Биз бул жолдорго кызматташуу менен гана бара алабыз. Өзүбүздүн рыногубуз, экономикабыз өлкөбүздү бага албайт. Ошондуктан ЕвроАзиялык бирикме, КМШ багыттарындагы аракеттерди жасай беришибиз натыйжалуу болуп эсептелинет. Анткени бизде андан башка мүмкүнчүлүк жок. Бирок ошондой кыйын болгон күндө дагы биринчи кезекке өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды койгонубуз маанилүү. КМШ өлкөлөрүнө кирип жатып өз моюнубузга айрым бир милдеттерди алганбыз. Мындан улам биз шериктеш өлкөлөр болгондон кийин мамилебизди ошондой кармашыбыз керек", - деди Масалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан