КҮНСОБОЛ: Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн башчысы катары 2 жыл ичинде кандай жыйынтык көрсөттү? Равшан Жээнбеков: "Президенттик институт бизде бардык бийлик бутактарын өзүнө баш ийдирип алган"

2017-жылы 15-октябрда Кыргыз мамлекетинде президенттик шайлоо өткөрүлгөн. Жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков шайлоого катышкан калктын 54,79 пайызынын добушуна ээ болуп, жеңишке жеткен.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Бүгүн Сооронбай Жээнбековдун өлкө президенттигине шайланганына 2 жыл болду. Өлкөнүн башчысы катары 2 жыл ичинде кандай жыйынтык көрсөттү?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков бийлик бутактарынын бири-бирине болгон тең салмактуулугу, карама-каршылыгы жок деген пикирде. "Президенттик институт бизде бардык мамлекеттеги бийлик бутактарын өзүнө баш ийдирип алган. Бийликтин бири-бирине болгон тең салмактуулугу, карама-каршылыгы жок. Бийлик бирин-бири көзөмөлдөбөйт, себеби бардыгын президенттик бийлик өзүнө чегерип алып, мамлекеттеги экономикалык, саясий эркиндикти жок кылып коёт. Мындай өлкөдө өзгөрүү болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан мага окшогон саясатчылар президенттик бийликти жоюп, парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек деп айтып жатабыз. Парламенттик башкарууга өткөндө гана карама-каршылык, оппозиция пайда болот дагы ал экономикага, мамлекеттеги реформаларга таасир берет. Эгерде биз ушул бойдон президенттик бийликти калтыра турган болсок, анда азыркыдай эле экономикалык артта калуу, саясий реформалардын жоктугу, социалдык маселелердин чечилбегендиги улам кийинки президентке кала берет. Бул мамлекет үчүн оор абалды жарата берет", - дейт Равшан Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан