КҮНСОБОЛ: Салянова Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин айтты. Учурда колдонулуп жаткан тергөө менен кызматташуу иши опурталдуу эмеспи? Бектур Асанов: "Салянова көп нерсени билет, анын айтканы далил болот"

Ушул жылдын 3-июнунда Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакка алынып, 15-августта үй камагына чыккан. Ички иштер министрлиги Салянованын баш коргоо чарасынын өзгөртүлүшү боюнча мурдагы башкы прокурор тергөө менен кызматташуу ниетин билдирген деп түшүндүргөн. Кечээ, 15-октябрда мурдагы башкы прокурор Аида Салянова экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин айтты.

SUPER.KG порталы "Салянова Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин айтты. Ал 2 айдан ашуун тергөө абагында кармалып, Атамбаев камакка алынгандан кийин үй камагына чыгарылган. Учурда колдонулуп жаткан тергөө менен кызматташуу иши опурталдуу эмеспи?" деген собол салды.

Саясатчы Бектур Асанов Салянованын айтканы кынтыксыз далил боло турганын айтты.

"Тергөө менен кызматташуу дүйнөлүк практикада колдонулуп келет. Тергөө менен кызматташуу деген түшүнүк 2019-жылдын башында күчүнө кирген Жазык кодексинде каралган. Менин оюмча бул аябай керек нерсе. Себеби бул кылмыштын ачылышын жеңилдетет. Салянованын каршы көрсөтмө бергени туура эле болду. Ал көп нерсени билет. Ошондой эле Индира Жолдубаеванын, Шамил Атахановдун айтканы кынтыксыз далил болот", - дейт Бектур Асанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан