Ушул жылдын 3-июнунда Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакка алынып, 15-августта үй камагына чыккан. Ички иштер министрлиги Салянованын баш коргоо чарасынын өзгөртүлүшү боюнча мурдагы башкы прокурор тергөө менен кызматташуу ниетин билдирген деп түшүндүргөн. Кечээ, 15-октябрда мурдагы башкы прокурор Аида Салянова экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин айтты.
SUPER.KG порталы "Салянова Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин айтты. Ал 2 айдан ашуун тергөө абагында кармалып, Атамбаев камакка алынгандан кийин үй камагына чыгарылган. Учурда колдонулуп жаткан тергөө менен кызматташуу иши опурталдуу эмеспи?" деген собол салды.
Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков тергөө менен кызматташуу иши эч кандай опурталдуу эмес деген ойдо.
"Аида Салянованын бул кадамын колдойм. Себеби эл чындыкты билиши керек да. Мурда эле ачыгын айтса болмок. Бирок кеч болсо да чындыкты айтканы жакшы болуп жатат. Чынын айтканда, Батукаевдин чыгарылып кетиши жөнөкөй катардагы окуя эмес. Бул кыргыз элин шылдыңдоо жана мамлекеттин эл аралык кадыр-баркына өтө чоң доо кетирген окуялардын бири.
Бул боюнча соттун жүрүшү, чечимдери бардыгы ачык болушу керек. Эгерде соттук иштер жабык өтө турган болсо, коомчулукта чоң күмөн пайда болот", - дейт Бекболот Талгарбеков.