Укук коргоочу Качкын Булатов: "Батукаев бошотулганда Салянова Жогорку Кеңеште жактоочудай болуп сүйлөгөн". КҮНСОБОЛ

Ушул жылдын 3-июнунда Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакка алынып, 15-августта үй камагына чыккан. Ички иштер министрлиги Салянованын баш коргоо чарасынын өзгөртүлүшү боюнча мурдагы башкы прокурор тергөө менен кызматташуу ниетин билдирген деп түшүндүргөн. Кечээ, 15-октябрда мурдагы башкы прокурор Аида Салянова экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин айтты.

SUPER.KG порталы "Салянова Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин айтты. Ал 2 айдан ашуун тергөө абагында кармалып, Атамбаев камакка алынгандан кийин үй камагына чыгарылган. Учурда колдонулуп жаткан тергөө менен кызматташуу иши опурталдуу эмеспи?" деген собол салды.

Укук коргоочу Качкын Булатов Салянова Атамбаевге айласыздан каршы көрсөтмө бергенин айтты.

"Батукаев бошотулганда Салянова башкы прокурор болуп туруп, жактоочудай болуп сүйлөгөн. Ошондо ал бул кылмыш ишти жашырып койгон. Бул чоң кылмыш. Кечээ уялбай "мен Атамбаевге каршы көрсөтмө бердим" деп айтып жатат. Бардыгы сотто ачык билинет. Аида Салянованын дагы чоң күнөөсү бар деп эсептейм", - дейт Булатов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан