Саясий серепчи Алмаз Тажыбай: "Тергөө менен кызматташкан адамдын сот алдындагы жоопкерчилиги жана абалы жеңилдейт". КҮНСОБОЛ

Ушул жылдын 3-июнунда Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакка алынып, 15-августта үй камагына чыккан. Ички иштер министрлиги Салянованын баш коргоо чарасынын өзгөртүлүшү боюнча мурдагы башкы прокурор тергөө менен кызматташуу ниетин билдирген деп түшүндүргөн. Кечээ, 15-октябрда мурдагы башкы прокурор Аида Салянова экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин айтты.

Мындан улам SUPER.KG порталы Салянова Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин айтты. Ал 2 айдан ашуун тергөө абагында кармалып, Атамбаев камакка алынгандан кийин үй камагына чыгарылган. Учурда колдонулуп жаткан тергөө менен кызматташуу иши опурталдуу эмеспи? собол салды.

Саясий серепчи Алмаз Тажыбай тергөө менен кызматташкан адамдын сот алдындагы жоопкерчилиги жана абалы жеңилдейт деген ойдо.

"Ошол учурда кримтөбөлдөрдү ким колго алып турганын баары билген. Ошондуктан көз жумуп туруп коё беришти да. Демек, бул иштин алкагындагы шектүүлөр кылмыштык топко айланган. Аида Салянова каршы көрсөтмө берип, тергөө кызматына жардам берип жатат. Жаңы кодекске ылайык, жарандарда мындай укук бар. Бул дүйнө жүзүндөгү практика болуп саналат. Ал эми демократиялык мамлекеттерде илгертен бери келе жаткан процедура. Алсак, АКШда Аль Капонени отургузуу үчүн жактоочусу ага каршы көрсөтмө берген. Эгер ал бул кадамга барбаса, алар менен бирге жазасын алмак. Кыргыз өлкөсүндө тергөө менен кызматташуу жаңы ишке кире баштады. Бул опурталдуу да, кооптуу дагы эмес", - деди серепчи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан