Ушул жылдын 3-июнунда Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакка алынып, 15-августта үй камагына чыккан. Ички иштер министрлиги Салянованын баш коргоо чарасынын өзгөртүлүшү боюнча мурдагы башкы прокурор тергөө менен кызматташуу ниетин билдирген деп түшүндүргөн. Кечээ, 15-октябрда мурдагы башкы прокурор Аида Салянова экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин айтты.
SUPER.KG порталы "Салянова Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин айтты. Ал 2 айдан ашуун тергөө абагында кармалып, Атамбаев камакка алынгандан кийин үй камагына чыгарылган. Учурда колдонулуп жаткан тергөө менен кызматташуу иши опурталдуу эмеспи?" деген собол салды.
Укук коргоочу Рита Карасартова Тергөө менен кызматташуу системи элдик сот арачылары болгондо жакшы иштемек деген ойдо.
"Негизи тергөө менен кызматташуу дүйнөлүк практикада бар. Эгер адам күнөөлүү эместигин далилдегиси келсе, чечимди элдик сот арачылар чыгарышын талап кыла алат. Биздин өлкөдө мындай сот жок, далил жок, 5 адамдын көрсөтмөсү менен адамды камап койсо болот. Салянованын күчтүү юрист экенин билебиз. Андыктан ал Атамбаевге каршы көрсөтмө берди дегенге күмөнүм бар. Балким ал Атамбаевдин учурунда эле айтып жүргөн далилдерин айткан. Факт жүзүндө кыянаттык кылса, Салянованы СИЗОго дагы отургузбайт эле. Негизи ар бир адам өзүнө каршы көрсөтмө бербөөгө укугу бар. Бул систем менен күнөөлүү эмес адамды деле, каршы көрсөтмө берүүгө түртүп жатышат. Андыктан тергөө менен кызматташуу опурталдуу гана эмес, мамлекет тарабынан жасалып жаткан кылмыш десек болот", - деди Карасартова