КҮНСОБОЛ: Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш сотто жабык карала турган болду. Коомчулуктан жаап-жашыра турган маселе барбы? Зулушев: "Сот жабык түрүндө өтүп жатса, демек кандайдыр мамлекеттин кызыкчылыгы боюнча фактылар болсо керек"

Президент Сооронбай Жээнбеков эми соттук процесстин баары ачык-айкын боло турганын айтып келген. Соттук отурумдар мурдагыдай көмүскө болбойт деп билдирген. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш сотто жабык өтө турган болду.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Буга чейин Сооронбай Жээнбеков соттук иштердин баары ачык өтөт деген эле. Бир адамдын өмүрүн алып, 20дай жарандын тагдырын чече турган Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш сотто жабык карала турган болду. Коом үчүн маанилүү ушундай соттук процесс эмне үчүн жабык каралышы керек? Коомчулуктан жаап-жашыра турган маселе барбы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев соттун жабык өтүшүнө мыйзам жол бере турганын айтты.

"Соттук отурумдардын жабык өтүшү боюнча мыйзамда негиздер бар. Мамлекеттин кызыкчылыгы, жеке адамдын ар-намысына байланышкан иштердин бардыгы жабык өтөт. Башка иштер ачык өтөт. Батукаевдин бошотулушу боюнча соттук отурум жабык түрүндө өтүп жатса, демек кандайдыр мамлекеттин кызыкчылыгы боюнча фактылар болсо керек. Соттон сураш керек. Соттун жабык өтүшүнө мыйзам жол берет", - дейт Зулушев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан