Депутат Талант Мамытов Батукаевдин бошотулушу боюнча иш сотто жабык каралышы боюнча: "Күбөлөр коопсуздугунан улам сот жабык өтсүн деп өтүнүч келтириши мүмкүн". КҮНСОБОЛ

Президент Сооронбай Жээнбеков эми соттук процесстин баары ачык-айкын боло турганын айтып келген. Соттук отурумдар мурдагыдай көмүскө болбойт деп билдирген. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш сотто жабык өтө турган болду.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Буга чейин Сооронбай Жээнбеков соттук иштердин баары ачык өтөт деген эле. Бир адамдын өмүрүн алып, 20дай жарандын тагдырын чече турган Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш сотто жабык карала турган болду. Коом үчүн маанилүү ушундай соттук процесс эмне үчүн жабык каралышы керек? Коомчулуктан жаап-жашыра турган маселе барбы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов соттук отурум объективдүү болушу керектигин айтты. "Соттун жабык же ачык өтүшү биринчи кезекте соттон көз каранды. Сот өзүнүн укугунун алкагында, мыйзам чегинде жүйөлүү себептерди карап чыгышы керек. Бул тараптарда мисалы, кээ бир күбөлөр өзүнүн коопсуздугунан уламбы сот жабык өтсүн деп өтүнүч келтириши мүмкүн. Мындай жагдайда сот өтүнүчтү карап, тиешелүү чечим кабыл алат. Бул соттун укугу. Бирок кандай гана болбосун бардык иштер объективдүү каралышы шарт", - дейт Мамытов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан