Президент Сооронбай Жээнбеков эми соттук процесстин баары ачык-айкын боло турганын айтып келген. Соттук отурумдар мурдагыдай көмүскө болбойт деп билдирген. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш сотто жабык өтө турган болду.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Буга чейин Сооронбай Жээнбеков соттук иштердин баары ачык өтөт деген эле. Бир адамдын өмүрүн алып, 20дай жарандын тагдырын чече турган Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш сотто жабык карала турган болду. Коом үчүн маанилүү ушундай соттук процесс эмне үчүн жабык каралышы керек? Коомчулуктан жаап-жашыра турган маселе барбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Искандер Гайпкулов бул иште экс-президент күнөөлөнүп жаткандыктан, мамлекеттик сыр болушу мүмкүн экенин айтты.
"Чечимди сот өзү кабыл алат. Жабык болуп жатса, мамлекеттик сырлар бар болушу мүмкүн. Бул жерде мурдагы президент күнөөлөнүп жатпайбы, мамлекеттик сырга байланышкан кылмыштар болсо керек. Президент соттук иштер ачык өтүшү керек деп жарандык иштер боюнча айтышы мүмкүн", - дейт Гайпкулов.