Президент Сооронбай Жээнбеков эми соттук процесстин баары ачык-айкын боло турганын айтып келген. Соттук отурумдар мурдагыдай көмүскө болбойт деп билдирген. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш сотто жабык өтө турган болду.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Буга чейин Сооронбай Жээнбеков соттук иштердин баары ачык өтөт деген эле. Бир адамдын өмүрүн алып, 20дай жарандын тагдырын чече турган Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш сотто жабык карала турган болду. Коом үчүн маанилүү ушундай соттук процесс эмне үчүн жабык каралышы керек? Коомчулуктан жаап-жашыра турган маселе барбы?" деген собол салды.
Юрист Нурбек Токтакуновдун айтымында, бул иштин сотто жабык каралышы туура эмес.
"Мурдагы президенттин үстүнөн козголгон иш болгондуктан, соттун жүрүшүн эл көрүшү керек. Менин оюмча, мыйзам бузуулар көп болуп жаткандыктан, өздөрүнүн кемчиликтерин көрсөтпөйүн деп бул ишти жабык карап жатышат. Бул албетте, туура эмес. Соттук отурумдар ачык болушу зарыл", - дейт Токтакунов.