Президент Сооронбай Жээнбеков эми соттук процесстин баары ачык-айкын боло турганын айтып келген. Соттук отурумдар мурдагыдай көмүскө болбойт деп билдирген. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш сотто жабык өтө турган болду.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Буга чейин Сооронбай Жээнбеков соттук иштердин баары ачык өтөт деген эле. Бир адамдын өмүрүн алып, 20дай жарандын тагдырын чече турган Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иш сотто жабык карала турган болду. Коом үчүн маанилүү ушундай соттук процесс эмне үчүн жабык каралышы керек? Коомчулуктан жаап-жашыра турган маселе барбы?" деген собол салды.
Юрист Таалайгүл Токтакунова бул жерде мыйзам бузуулар жок экенин айтты.
"Батукаевдин бошотулушу боюнча иш соттук алдын ала уктуруу болуп жатат. Бул жерде мыйзам бузуулар жок. Жазык-процессуалдык кодексинде соттук алдын ала уктуруу жабык өтөт деп көрсөтүлүп турат. Соттук териштирүү болбогондо мамлекеттик сыр жок болсо, ачык өтүшү зарыл. Конституцияда бардык соттор ачык болот деп көрсөтүлүп турат", - дейт Токтакунова.