Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү эске алуу менен 2020-2021-жылдарга пландалган шайлоолордун графиги жарыяланды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан маалымдашты. Ага ылайык, шайлоо күндөрү төмөнкү күндөргө белгиленди:
-385 кеңешке шайлоо, алардын ыйгарым укуктары 2020-жылдын декабрында аяктайт (369 айылдык кеңеш жана 16 шаар: Бишкек, Нарын, Кара-Көл, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Исфана, Талас, Өзгөн, Кант, Орловка, Кайыңды, Шопоков, Кербен, Кочкор-Ата, Чолпон-Ата);
-ыйгарым укуктары 2021-жылдын майында аяктай турган 32 кеңешке шайлоо (26 айылдык кеңеш жана 6 шаар: Жалал-Абад, Көк Жаңгак, Ноокат, Кемин, Кадамжай, Айдаркен).
"2020-жылдагы шайлоого даярдык көрүү боюнча бардык иш-чараларды ишке ашыруу үчүн кыйла убакыт талап кылынат жана кезектеги шайлоолордун мөөнөттөрүнүн сакталышын эске алып пландалган. Жергиликтүү шайлоолорго 386 миллион суммасындагы чыгымдар 2020-жылдын бюджетинен 2021-жылга которулган. 2020-жылы БШКнын жалпы чыгымдары 928 миллион сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.