Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке "Кыргыз Республикасынын төлөм системи жөнүндө" мыйзамына каршы пикир жөнөттү. Каршы пикирдин тексти:
“2013-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын төлөм системи жөнүндө” КРнын мыйзамын төмөнкүдөй негиздер боюнча кайра кайтарам.
Улуттук төлөм системасынын ишин жөнгө салууга, акча каражаттарынын жылышынын ачык-айкындуулугун жана башкарылышын камсыз кылууга, КРнын экономикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатууга багытталган мыйзамдын максатын жалпысынан колдойм.
Ошону менен катар, мыйзамда улуттук төлөм системинде атаандаштык чөйрөнү чектөөчү ченемдер белгиленген деп эсептейм. Алсак, мыйзамда (20-беренесинин 4-бөлүгү) КРнын аймагында гана ар түрдүү төлөм системдеринин төлөм карталарын пайдалануу менен улуттук валютада жасалган мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча процессин жүзөгө ашырууга чектөө белгиленген. Бул ченем түрдүү жергиликтүү банктардын ортосунда эл аралык төлөм системдеринин банктык карталарын (“VISA International”, “MasterCard”, “Золотая корона”) колдонуу менен Кыргызстандын ичинде улуттук валютада төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк бербейт, анткени ал төлөмдөр боюнча процессинг ушул эл аралык төлөм системинин операторунун өлкөсүндө ишке ашырылат. Ошентип, сунушталып жаткан ченем накталай эмес төлөмдөр рыногунда атаандаштыкты чектейт жана улуттук валютада операциялар үчүн эл аралык таанылган төлөм системдеринин банктык карталарын колдонуунун келечегин анча жакшы кылбайт.
Андан тышкары мыйзамда (15-беренесинин 6-бөлүгү) бардык банктар аралык төлөмдөр боюнча улуттук валютадагы акыркы эсептешүүлөрдү КРнын Улуттук банкында ачылган банктардын корреспонденттик эсеби аркылуу гана жүзөгө ашыруу сунуш кылынган, бул да эсептик борборлорду өнүктүрүү боюнча рыноктун башка катышуучуларынын мүмкүнчүлүктөрүн чектейт. Мыйзамдын өзүн накталай эмес эсептешүүлөрдү өнүктүрүү жана төлөм менен банк системин көзөмөлдөө функциясын өркүндөтүүнүн мындан аркы келечегин эске алуу менен жөнгө салуунун алкактык шарттарын жана төлөм системдеринин катышуучуларынын ортосундагы кыйла маанилүү өз ара мамилелерди аныктаган ченемдик укуктук акт катары карап, ушул талапты мыйзамдан келип чыгуучу акттарда белгилөөнү максатка ылайыктуу деп эсептейм. Анан дагы бул талап өкмөт менен Улуттук банктын 2005-жылдын 9-сентябрындагы биргелешкен токтому менен бекитилген “КРдагы накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө жободо” мурда эле белгиленген.
2013-2017-жылдар мезгилине Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында каралгандай накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө жана төлөм системинин натыйжалуулугун жогорулатууга түрткү берүүчү банк системинде либералдык жана атаандаштык чөйрөнү сактоо максатында улуттук төлөм системдерин уюштурууда эл аралык тажрыйбаны эске алып, мыйзамдагы жогоруда аталган чектөөлөрдү жокко чыгарууну сунуштайм.
Ошондой эле мыйзамда (20-беренесинин 1-бөлүгү) улуттук төлөм карталары кандай болбосун коммерциялык банктын инфратүзүмүндө тейленүүгө кабыл алынууга тийиш экендиги тууралуу талап белгиленген. Бирок бүгүнкү күндө бул талап айрым төлөм системдеринин башка операторлорунун карталарын иштетүүгө техникалык жактан даяр эместигинен улам аткарылышы мүмкүн эмес. Ушундан улам бул талапты 2014-жылдын 1-июлунан тартып колдонууга киргизүүнү сунуштайм.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, КРнын Конституциясынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун жана 81-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, 2013-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “КРнын төлөм системи жөнүндө” КРнын мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн кайра кайтарам”.