Депутат Тазабек Икрамов: "Бюджеттин бөлүнүшү ар бир аймактын башчыларынан көз каранды". КҮНСОБОЛ

Финансы министрлиги 2020-жылга карата республикалык бюджеттин мыйзам долбоорун жарыялады. Анда Баткен облусуна 2019-жылга салыштырмалуу аз каражат бөлүнөрү пландалып жатканы белгилүү болду. Баткен облусуна 2020-жылы 229,6 миллион сом, быйыл 224,5 миллион сом бөлүнө турганы жазылган.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков кайсы аймактан аткаминерлер менен депутаттар көп болсо, капитал ошол жакты карай агып жатканын айткан. Ал аймактык лобби күчөгөнүн билдирип, калган аймактардын өнүгүүсү артта калганын белгилеген.

Мындан улам SUPER.KG порталы "2020-жылга каралган бюджеттин долбоорунда Баткен облусуна мамлекет өткөн жылга салыштырмалуу 5 миллион сомго аз акча бөлгөнү жатат. Эң көйгөйлүү аймакка бийликтин мындай мамилеси туурабы?" деген собол салды

Депутат Тазабек Икрамов бюджеттин бөлүнүшү ар бир аймактын башчыларынан көз каранды деген ойдо. "Баткен облусунун 2020-жылга карата дотациясы тууралуу маселе менен тааныша элекмин. Бирок былтыркы жылы жалпы түштүк аймагына мамлекеттик бюджеттен жетиштүү сумма бөлүнгөн. Балким, бюджетти балансташтыруу максатында ушундай чечим кабыл алынды. Негизи бюджет каралып жатканда, ар бир аймак губернатор, акимдеринин, жергиликтүү айыл өкмөт башчыларынын суроо-талаптарына ылайык болот го деп ойлойм. Себеби алар аймакта эмне жетишсиз, кандай көйгөйлөр болуп жатат билишет. Мамлекеттик бюджет маселеси каралганда, алардын демилгелери эске алынат", - деди Икрамов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан