КҮНСОБОЛ: 2020-жылга каралган бюджеттин долбоорунда Баткен облусуна 5 миллион сомго аз акча бөлүнөт. Эң көйгөйлүү аймакка бийликтин мындай мамилеси туурабы? Маматалиев: "Баткенге быйылкыдан дагы көп каражат бөлүнүшү керек"

Финансы министрлиги 2020-жылга карата республикалык бюджеттин мыйзам долбоорун жарыялады. Анда Баткен облусуна 2019-жылга салыштырмалуу аз каражат бөлүнөрү пландалып жатканы белгилүү болду. Баткен облусуна 2020-жылы 229,6 миллион сом, быйыл 224,5 миллион сом бөлүнө турганы жазылган.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков кайсы аймактан аткаминерлер менен депутаттар көп болсо, капитал ошол жакты карай агып жатканын айткан. Ал аймактык лобби күчөгөнүн билдирип, калган аймактардын өнүгүүсү артта калганын белгилеген.

Мындан улам SUPER.KG порталы "2020-жылга каралган бюджеттин долбоорунда Баткен облусуна мамлекет өткөн жылга салыштырмалуу 5 миллион сомго аз акча бөлгөнү жатат. Эң көйгөйлүү аймакка бийликтин мындай мамилеси туурабы?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев бул долбоорду парламент комитети колдобой турганын айтты.

"Бул өкмөттүн кабыл алган долбоору Жогорку Кеңешке келет. Комитетте каралат. Бул маселени комитеттен өткөрбөйбүз. Баткен облусуна быйылкыдан дагы көп каражат бөлүнүшү керек. Бул боюнча биз жабык эшик артында өткөн жыйындарда тапшырмаларды бергенбиз. Мындай долбоорду колдобойбуз", - дейт Маматалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан