Финансы министрлиги 2020-жылга карата республикалык бюджеттин мыйзам долбоорун жарыялады. Анда Баткен облусуна 2019-жылга салыштырмалуу аз каражат бөлүнөрү пландалып жатканы белгилүү болду. Баткен облусуна 2020-жылы 229,6 миллион сом, быйыл 224,5 миллион сом бөлүнө турганы жазылган.
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков кайсы аймактан аткаминерлер менен депутаттар көп болсо, капитал ошол жакты карай агып жатканын айткан. Ал аймактык лобби күчөгөнүн билдирип, калган аймактардын өнүгүүсү артта калганын белгилеген.
Мындан улам SUPER.KG порталы 2020-жылга каралган бюджеттин долбоорунда Баткен облусуна мамлекет өткөн жылга салыштырмалуу 5 миллион сомго аз акча бөлгөнү жатат. Эң көйгөйлүү аймакка бийликтин мындай мамилеси туурабы? деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов бул маселе карала турганын айтты.
"Былтыр Баткенде оор абал болгондо 2019-жылга карата бюджеттен кошумча акчаларды караганбыз. Ошого салыштырмалуу 2020-жылдын болжолу аз болушу мүмкүн. Негизи аталган облуска аз каражат бөлүнбөйт. Депутат, өкмөт дагы бул маселеге көңүл бурат", - дейт Нышанов.