Өзбекстан жакында 22-декабрда өтө турчу парламенттик шайлоого 25 миллион доллар коротот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Анда өлкөнүн Юстиция министрлиги аныктагандай, калктын саны бир топ жогору болгонуна карабай, шайлоого кетчү каражат анчалык чоң эмес көрсөткүч экени айтылган.
Ар кайсы өлкөдө парламенттик шайлоого жумшалган каражат эсептелип чыккан. Рейтингдин сап башын 65 миллион шайлоочусу бар Германия ээлеген. Алар шайлоого 101,6 миллион доллар коротору белгилүү болгон. Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Казакстан 12 миллион добуш берүүчүлөрдүн санына 24,7 миллион доллар жумшайт. Кыргыз өлкөсү 4 миллион шайлоочуга 17 миллион доллар коротот. Бул Кыргыз өлкөсүндө ар бир шайлоочуга 4,25 доллардан айланат дегенди билдирет.
Маалым болгондой, Өзбекстанда шайлоочулардын саны 20,6 миллионго жеткен.