Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-октябрда иш сапар менен Японияга учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.
Сооронбай Жээнбеков Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышат. Ошондой эле иш сапардын алкагында, Кыргыз Республикасынын президентинин Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган. Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана Японияда жашаган мекендештерибиз менен жолугушуулары болот.