"Күлгөнүң үчүн деген шылтоо менен кызматтан алышты". Айыл чарба министрлигинде жетекчилердин бири жумуштан мыйзамсыз алынганын айтып чыкты (видео)

Жайыт мал чарба жана балык чарба департаментинин жетекчиси Бакытбек Мамытканов жумуштан мыйзамсыз алынганын айтып, маалымат берди. Мамыткановдун айтымында, анын кызматтан алынуусуна эч кандай себеп болгон эмес.

"Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев коллегияда мени өз каалоосу менен жумуштан кетти деп айтыптыр. Бирок мен өз каалоом менен кызматтан кеткен эмесмин. Ал учурда иш сапарда жүргөн элем. Эгер жыйынтык көрсөтө албай калсак, анда баарыбыз кетебиз дегенбиз. Бирок жыйынтыгында мен эле кетип жатам", - деди Бакытбек Мамытканов.

Мындан сырткары, Мамытканов аны жумуштан бошотууга эч кандай негиз жок экенин, эмне үчүн кетип жатканын сураса, аны күлгөнү үчүн кызматтан алышканы тууралуу түшүндүрмө болгонун дагы белгилеп өттү. Мындан улам ал Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигин сотко берүүнү көздөп жатат. Ал министрлик тарабынан кечээ, 20-октябрда аны башка жумушка которуу боюнча сунуштар болгонун дагы айтты.

"Мага кечээ чалышып, сунуштар айтылды. Сен тынч кетип калсаң, сага башка жактан жумуш беребиз дешти. Мен министр Эркинбек Чодуев менен Кудай сактасын, эч жерде иштешпейм. Бул киши артка гана тартат. Убакыт көрсөтөт, менин айткан сөзүм далилденет. Бул киши ишти алып бара албайт. Мен аны мыйзамсыз иш аракеттери үчүн сотко берүүнү көздөп жатам", - деген пикирин айтты Мамытканов.

Экинчи тараптын пикирин алуу үчүн журналисттер тобу Айыл чарба министринин иш бөлмөсүнө барды. Бирок министр иш ордунда жоктугуна байланыштуу анын кеңешчиси Асылбек Исаков аталган окуя боюнча комментарий берип, Мамыткановдун иш-аракетин "шоу" деп атады.

"Бул кишинин катачылык, кемчиликтери бар эле. Мисалы, биздин министрликтин буйругу менен иш сапарларга жөнөтүлгөндө Бакытбек Мамытканов өзүнүн буйругу менен бир-эки күн кошуп алат болчу. Бул жорук биздин эрежелерге туура келбейт. Окуя боюнча жакын арада расмий маалымат берилет", - деди Исаков.

Бакытбек Мамытканов: "Мени кызматтан мыйзамсыз алып коюшту"
Министрдин кеңешчиси Исаков: "Мамытканов кызматтан өз ыктыяры менен кетти"
Индира Куралбекова: "Окуя боюнча расмий маалымат берилет"
Аткаминер: "Күлгөнүң үчүн деген шылтоо менен кызматтан алышты"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан