Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратов ээлеген кызматынан четтетилди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратовду ээлеген кызматынан четтетти. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Мухаммедкалый Абылгазиев териштирүү учурунда Бакыт Калмуратовдун дарегине айтылган айыптоолорго байланыштуу укук коргоо органдары адилет жана калыс тергөө жүргүзүүлөрү керек деп эсептейт.

Буга чейин айрым жергиликтүү ЖМКлар "Калмуратовдун кылмыш иши козголбошу үчүн ишкерден ири суммада акча алууга тиешеси бар болушу мүмкүн" деп жазып чыгышкан.

Бакыт Калмуратов өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары болуп ушул жылдын май айында дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан