"Мадина" кафесинин ээси, ишкер Хуфур Абдурахеман BMW X5 унаасын айдап чыккан бойдон 4-октябрдан бери дайынсыз болуп жаткан. 18-октябрда анын жансыз денеси Кочкор районунан табылды. Кармалгандардын экөө мурда милицияда иштеп кеткени айтылууда. Ошондой эле шектүүлөрдүн арасында уюшкан кылмыштуу топтун да мүчөсү бар экени жазылууда.
SUPER.KG порталы "Бишкекте бизнестин өкүлүн белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, бир нече күндөн кийин анын сөөгү табылды. Кылмыш кримдүйнөнүн өкүлдөрү тарабынан жасалганы айтылды. Бийлик качан кримдүйнөнү ооздуктайт?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева бул өкүнүчтүү окуя болгонун айтты. "Ишкердин өлүмүнө шектелип мурда милиция кызматкери болуп иштегендер менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын окудум. Алар укук коргоо органдарында мурда иштеп кетсе да ички иштер органдарына шек келтирип жатышат. Бул окуя азыркы милицияны уят кылып жатат. Ошондо алар мурда да уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен иштешип жүрдү беле деген ой пайда болот.
ИИМди реформалоо боюнча канча убакыттан бери айтылып жатат. Бирок орчундуу реформа болбой жатат. Кадр маселесинде көп нааразычылыктар болууда. Милиция кызматкери жумушка алынып жатканда кандай критерий менен алынат? Милиция кызматкерлери кримчөйрө менен тыгыз иштешет деген сөздөрдү да угуп жатабыз. Ушундай окуя бир гана ички иштер органына эмес, жалпы бийликке шек келтирүүдө. Мамлекетибизге салык төлөп жаткан адамдарга мындай мамиле болуп жатканы өкүнүчтүү. 30 жылдан бери айтылып жаткан реформаны баш аягы жок болуп жатат. Эл арасында милицияга болгон ишеним жок, алардан корккондор көп. Ички иштер министрлеринин баары келгенде "реформа кылабыз" деп айтышат. Бирок жыйынтык жок. Коопсуздукту орното албай жатсак парламентке, президентке, өкмөткө, милиция кызматкерлерине болгон элдин ишеними төмөндөйт", - дейт Сурабалдиева.