Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде 2020-жылга карата республикалык бюджетти кароо мыйзам долбоору каралып жатат.
Депутат Улукбек Ормонов "Октябрь айында кайсы категориядагы мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү?" деген суроо салды. Финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков: "Быйылкы жылы бардык категориядагы мугалимдердин айлыгы 30 пайызга көбөйдү. Ал эми үстөк акчаларды кошкондо 32 пайыз болот. Буга мурда кошулбай калган категориялардагы билим берүү кызматкерлерине тарбиячылар, алардын жардамчылары, административдик кызматкерлер жана орто кесиптик мектептердин мугалимдери дагы кирет. Ал эми бийик тоолуу райондордо эмгектенген мугалимдердин айлык акысына 9500 сом кошолу деген пландар бар", - деди ал.