Депутат Жанар Акаев "Мадина" кафесинин ээси мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин ишкерлер акчасын чет жакка чыгарып кеткенин айтты

Депутат Жанар Акаев Кыргыз өлкөсүндө ишкерлер бизнесин коргой албай калгандыгын эскертти. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Өткөн жумада "Мадина" кафесинин ээси мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин ишкерлер бизнеси үчүн корко баштады. Өлкөдө криминал баш көтөрдү. Мамлекет бизнести коргой албай калгандыктан, ишкерлер акчасын чет жакка чыгарып башташты. Жарым жылда 247 миллион доллар акча каражаты өлкөдөн чыгып кетти. Эртеңки күнү өлкөгө ички инвестиция керек болуп калышы мүмкүн. Эми болсо чоң бизнес гана эмес, орто бизнестин өкүлдөрү дагы бизнесин коргоо үчүн ушундай иш-аракеттерди жасашууда. Өткөн жылы "Осьминог" кафесинин ээсине карата коркутуп-үркүтүүлөр орун алган. Анын ээси өлкөдөн чыгып кетти. ИИМ криминалдык кылмыш дүйнөсүнө карата чара колдонушу керек", - деди ал.

Буга чейин SUPER.KG порталы бул окуя тууралуу "Бишкекте бизнестин өкүлүн белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, бир нече күндөн кийин анын сөөгү табылды. Кылмыш кримдүйнөнүн өкүлдөрү тарабынан жасалганы айтылды. Бийлик качан кримдүйнөнү ооздуктайт?" деп собол салган эле.

“Криминал баш көтөрдү". Акаев менен бийликтин айтышы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан