Атамбаевдин экс-президент макамынан ажыратылышы боюнча кайрылууну караган соттук коллегиянын төрагасы Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болгон деген жүйө менен аны алмаштыруу өтүнүчү келтирилди

Бүгүн, 23-октябрда Конституциялык палатада Алмазбек Атамбаевдин экс-президент деген макамынан ажыратылышы боюнча кайрылуу каралууда. Соттук отурум башталганда жактоочу Нурбек Токтакунов сүйлөдү. Ал бүгүнкү соттук коллегиянын төрагасы бир учурда Асылбек Жээнбековго кеңешчи болуп иштеген деп билдирди.

"Учурда өлкөдө цивилизациядан артта калган саясий күрөштүн түрү жүрүп жатат. Бул ишти кароодо Асылбек Жээнбековдун мурдагы кеңешчиси төрагалык кылганы туура эмес. Биз аны алмаштыруу өтүнүчүн келтиребиз", - деди ал.

Соттук коллегиянын төрагасы өзү бир кезде парламент төрагасы болуп турган Асылбек Жээнбековго кеңешчи болуп иштегенин тастыктады.

"Ооба, мен ага кеңешчи болуп бир жыл иштегем. Бирок биздин ортобузда эч кандай мамиле, байланыш жок", - деди ал.

Соттук коллегиянын төрагадан башка мүчөлөрү бул өтүнүчтү кароо үчүн кеңешме залына кирип кетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан