Депутат Кочкор районундагы Сары-Булак айылында окуучуларга ысык тамак желим контейнерлерде берилип жатканын айтты

Депутат Жылдыз Мусабекова балдардын калыптануусу бала бакча, мектептен башталат экендигин эскертти. Бул тууралуу ал бүгүн, 23-октябрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Биздин өлкө саясатташып кетип, балдарга берилип жаткан тамак-аштын сапатына көңүл бурулбай калды. Алсак, шаардын көпчүлүк мектептеринде окуучуларга маргарин майы берилет экен. Ошондой эле тендер өткөрүү жаатында дагы көптөгөн көйгөйлөр жаралууда. Кочкор районуна караштуу Сары-Булак айылындагы мектепте болгону 75 бала окуйт. Аларга тамак желим контейнерлерге куюлуп берилет экен. Бул эч кандай санитардык, сапаттык нормаларга жооп бербейт", - деди Мусабекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан