Парламенттик шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өтөрү күтүлүүдө. Кечээ, 22-октябрда бир топ саясий партиялардын лидерлери, саясатчылар чогулуп, шайлоо боюнча мыйзамдагы жаңыдан киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу талкуулашты. Анда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламентке өтүү үчүн босого чегин 3 пайызга чейин төмөндөтүү керектигин айтты.
SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңешке келүү үчүн босоголук чекти 3 пайызга түшүрүү сунушталып жатат. Колдоо керекпи?" деген собол салды.
Саясий серепчи Алмаз Тажыбай парламентаризмди тандаган өлкөдө босоголук чек 3 пайыздан ашпашы керек же ал жоюлушу шарт деген ойдо.
"Босоголук чек боюнча ар кандай сунуштар айтылып келет. Ал демилгелердин арасында шайлоого карата чекти жоюу тууралуу да сөздөр болгон. Парламентаризм өнүккөн өлкөлөрдө босоголук чек 3 пайыздан ашпашы керек деген талап бар. Азыркы 3 пайыздык босого чеги боюнча демилге ушундан улам келип чыкса керек. Негизи буга чейинки коюлган 9 пайыздык чек, бул авторитардык мамлекеттерге мүнөздүү көрүнүш. Андыктан жарандык коом азыркы босогону төмөндөтүү боюнча демилгени колдойт. Парламент бийликтин башкаруу органы болгондуктан, ал жакта ар түрдүү жарандык коомдун өкүлдөрү отурушу шарт. Босоголук чек жогору болгондо шайлоочулардын 44 пайыз (ред.өткөн шайлоодо 9 пайыздык чек менен шайлоочулардын 56 пайыз добушу гана эсептелген) добушу эсептелбей калат да, алардын үнү Жогорку Кеңешке жетпей калат. Босоголук чекти сөзсүз төмөндөтүү зарыл. Ошондо өлкөдө митингдер болбой калат. Ошондой эле шайлоо фондуна төлөнүүчү каражатты дагы 1 миллион сомго же 500 миң сомго чейин азайтуу керек", - деди серепчи.