Парламенттик шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өтөрү күтүлүүдө. Кечээ, 22-октябрда бир топ саясий партиялардын лидерлери, саясатчылар чогулуп, шайлоо боюнча мыйзамдагы жаңыдан киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу талкуулашты. Анда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламентке өтүү үчүн босого чегин 3 пайызга чейин төмөндөтүү керектигин айтты.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңешке келүү үчүн босоголук чекти 3 пайызга түшүрүү сунушталып жатат. Колдоо керекпи?" деген собол салды.
Саясатчы Темир Сариев 9 пайыз босого чегин 5 пайызга төмөндөтүп туруп, партиялар жөнүндө мыйзамды күчтөш керек деген ойдо. "Мамлекеттин туруктуулугу, күчтүүлүгү үчүн бул демилгени колдош керек. Бирок 5 пайыздык чек менен бекитилсе, партиялар көп катталган өлкө үчүн туура болмок. Ал эми 9 пайыздык босого чек албетте, өтө жогору. Биз жаш, демократиялык багыттагы өнүгүп келе жаткан өлкөбүз. Андыктан шайлоонун жыйынтыгын эл таанышы керек. 9 пайыздык босого чеги калса, Жогорку Кеңешке бийлик же акчасы барлар келип калат", - деди Сариев.