Парламенттик шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өтөрү күтүлүүдө. Кечээ, 22-октябрда бир топ саясий партиялардын лидерлери, саясатчылар чогулуп, шайлоо боюнча мыйзамдагы жаңыдан киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу талкуулашты. Анда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламентке өтүү үчүн босого чегин 3 пайызга чейин төмөндөтүү керектигин айтты.
SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңешке келүү үчүн босоголук чекти 3 пайызга түшүрүү сунушталып жатат. Колдоо керекпи?" деген собол салды.
Саясатчы Бектур Асанов 3 пайыздык босого чеги бул болбогон нерсе деген пикирде.
"Биздин өлкө үчүн 3 пайыз босоголук чек аз. 5 пайыз болсо туура болот. Босого чеги 3 пайыз болсо эки базарком биригип, бир партия түзүшүп элди сатып алышат. 1 жарым миллион адам шайлоого катышса, 45 миң добуш керек болот. Алар 45 миң добушту оңой эле сатып алышат. Парламентке 20-30 партия кирип калышы мүмкүн болуп калат. Босоголук чек 5 же 7 пайыз болушу керек", - дейт Асанов.