Парламенттик шайлоо 2020-жылы 4-октябрда өтөрү күтүлүүдө. Кечээ, 22-октябрда бир топ саясий партиялардын лидерлери, саясатчылар чогулуп, шайлоо боюнча мыйзамдагы жаңыдан киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу талкуулашты. Анда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламентке өтүү үчүн босого чегин 3 пайызга чейин төмөндөтүү керектигин айтты.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңешке келүү үчүн босоголук чекти 3 пайызга түшүрүү сунушталып жатат. Колдоо керекпи?" деген собол салды.
Депутат Төрөбай Зулпукаров босоголук чекти төмөндөтсө добушту сатып алуу күчөйт деген ойдо. "9 пайыздык босого чеги "Республика-Ата-Журт" партиясынын депутаттары тарабынан сунушталган. Мыйзам 2017-жылдын 5-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда кол коюлуп, 2020-жылдан баштап күчүнө кирет. 2017-жылы мыйзам талкууланып жаткан учурда бир дагы партиялардын же саясатчылардын сунушу болгон эмес. Шайлоо жакындаган сайын кээ бир саясатчыларды бул маселе кызыктыра баштады. Бул деген 1 700 000 шайлоочу катышса, анын 50 миң добушун алган партия шайлоо босогосунан өтүп, парламентке келе алат дегенди билдирет. Мындай учурда биринчиден, туруктуу өкмөт болбойт. Коалиция дайыма ыдырап турат. Экинчиден, 100 миңден 200 миңге чейин шайлоочусу бар райондор өз алдынча партия түзүп, 3 пайыздык босогону өтүүгө толук мүмкүнчүлүк бар болуп калат. Босоголук чекти төмөндөтүү олигархтардын саясатка болгон таасирин күчөтөт. 9 пайыздык босого чеги партиялардын жана саясий күчтөрдүн биригүүсүнө дем берет. Жалпы программаларын иштеп чыгып, партиялык системди күчөтүү керек", - деди депутат