Өлкө ичинде кылмыштардын саны 2019-жылы 3 эсеге өстү. Бул тууралуу депутат Тынчтык Шайназаров бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анда 2019-жылы катталган кылмыш-жоруктардын жалпы саны 4463 миңге жеткени айтылды.
"Быйылкы жылдын 1-январынан тарта кылмыш-жоруктардын жаңы кодекси ишке кирген. Ага ылайык, тергөө кызматындагылардын жүктөмдөрү тууралуу айтылган. Учурда өлкө боюнча кылмыштардын саны кескин түрдө көбөйүп кетти. Алсак, УКМКнын ар бир тергөөчүсүнө 141 кылмыш иши туура келип калды", - деди ал.
Депутат кырдаалга жараша укук коргоо органдарындагы штатты көбөйтүү керектигин кошумчалады.