Депутат Орозбек Алыбаев өлкөдө компьютердик оюн клубдарынын көбөйүүсү келечек муунга терс таасирин тийгизип жатканын эскертти. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анда компьютердик клубдарда бир гана жаш балдар эмес, чоң кишилер дагы азгырылып отурганы айтылды.
"Бул маселе бүгүнкү күндүн орчундуу социалдык көйгөйүнө айлана баштады. Компьютердик оюндар адамдын аң-сезимине терс таасир берет. Андыктан ал жакта отурган балдардын психологиясы бузулуп, окууга көңүл бура албай калган фактылар кездешүүдө. Айрымдары мектепке барбай, клубдарда күндөп-түндөп отуруп, ата-энелерине айтпай кетип калышууда. Бул көйгөй көптөн бери ата-энелер тарабынан айтылып келет. Бирок мамлекет буга жетиштүү көзөмөл жүргүзбөй келет. Андыктан тез аранын ичинде аң-сезимге терс таасир берүүчү оюндарга тыюу салган мыйзам иштеп чыгыш керек", - деди ал.
Депутат Билим берүү жана илим министрлиги ИИМ менен биргеликте иш алып барса жакшы болмок деген оюн кошумчалады.