Депутат Исхак Раззаковдун Лейлек районундагы музейи эгемендүүлүк алгандан бери оңдоло элек деди

Мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун туулган жериндеги музейи начар абалга келди. Бул тууралуу депутат Таабылды Тиллаев бүгүн, 24-октябрда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"2020-жылы Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын белгилейбиз. Ошого чейин алдын алуу иштерин жасап Баткен облусунун Лейлек районунда жайгашкан музейин оңдоп-түзөөдөн өткөрсөк жакшы болмок. Себеби келе жаткан жылдагы 110 жылдык юбилейге коңшу мамлекеттердин өкүлдөрү дагы келет", - деди ал.

Белгилүү коомдук жана саясий ишмер Исхак Раззаков Баткен областына караштуу Лейлек районунун Коросон айылында жарык дүйнөгө келген. 1950-жылы Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин биринчи катчылыгына көтөрүлүп, 1961-жылга чейин республиканын партиялык уюмун жетектеген. Бул жылдар аралыгында ал бир топ коомдук жана саясий маанидеги иштерди жасап кеткен. Ага "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы, «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси, өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин ыйгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан