Депутат 651 миң пенсионердин ичинен 200 миңге жакыны 5 миң сомго жетпеген акча аларын эскертти

Депутат Умбеталы Кыдыралиев 651 миң пенсионердин 200 миңге жакыны 5000 сомдон ылдый акча каражатын аларын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"10 миң пенсионер 2000 сомго жетпеген, 88 миң пенсионер 2 миңден 3 миң сомго чейин, ал эми 56 миң пенсионер 4 миң сомго чейин пенсия алат. Бул жашоо минимумуна жетпеген акча", - деди Кыдыралиев.

Социалдык фонддун төрагасы "1 жылдык тажрыйбасы бар жарандар деле пенсияга чыгып, акча алууда. Аларга 2000 сомго жетпеген каражат бөлүнөт. Бирок эки жылдан бери индексация жолу менен пенсия чегериле баштады. Башкача айтканда, канчалык мамлекетке төлөмдөрдү көп төлөсө, ошого жараша пенсияга кошумча акча чегерилет", - деп жооп берди Медер Ирсалиев

Мындан тышкары, жыйында 2019-жылга карата 1-октябрдан баштап пенсияга акча кошуу, жогорулатуу процесси жүргөндүгү тууралуу айтылды. Ага алайык, пенсионерлерге эң аз 320 сом, көбү 2 миң сомго чейин пенсияга кошумча каражат кошулган. Пенсияны көтөрүүгө жумшалган жалпы каражат 660 миллион сомду түзгөндүгү айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан