Кечээ, 23-октябрда Жогорку Кеңеште өлкөдө сейрек кездешкен жаныбарларга аңчылык кылып, атууга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоорунда 2020-жылдан тарта 2030-жылга чейин өлкөнүн жалпы аймагында аркар, кулжа, эчки, теке, элик, бугу, марал жана каманды атууга мораторий киргизүү сунушталган. Жыйынтыгында депутаттар бул мыйзам долбоорун колдошкон жок.
SUPER.KG порталы "Кайберендерге аң уулоого тыюу салуу мыйзам долбоорун парламент депутаттары колдобой коюшту. Депутаттар кыргыздын экологиясын сактоону каалашпайбы?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев мыйзам долбоору боюнча бир канча сунуштарды айтканын билдирди. "Мыйзам бир аз чийки болуп калды. Мен ага өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылдым. Аңчылык кылып кармалгандарга миллион сом айып пул салына турганы айтылды. Аларды эч ким көрбөй калса, жоопкерчиликтен качып кете беришет экен. Байлар миллион сом төлөп коём деп аңчылык кыла беришет да. Алар миллион сомду оңой төлөп коюшат. Айып пулдун көлөмүн көбөйтүү же аңчылык кылгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек. Ушул сыяктуу сунуштар айтылды. Депутаттардын көбүнүн жаратылышты сактайлы деген эле тилектери бар. Мыйзам долбоору бир аз чийки келип калгандыктан, колдоо тапкан жок", - дейт Маматалиев.